Коом

Президентке кайрылып, урайын деген үйүн тааныштырган нарындык кыз эсиңиздеби? Жапаров жаңы үй салып берди

Социалдык тармактарда буга чейин кичинекей кыздын өз үйүн президентке тааныштырып жаткан видео тараган. Ал бул үй жараксыз болуп 2-3 айдан кийин кулашы мүмкүн экенин айткан эле. Видео Нарындын Ак-Тал айылында тартылган.

Ак-Талаа райондук администрациясы маалымат таратып, дал ушул үй-бүлөгө Садыр Жапаровдун атынан салынган үйдүн документип тапшырылганын билдиришти. «Район акими Жапаров Жумадилла Курсанбаевич Ак-Тал айылындагы 51 жаштагы баатыр эне Искакова Гүлзат Калыбековнага Жапаров Садыр Нургожоевичтин атынан салынып берилген жаңы турак-жайдын мамлекеттик актысы жана техникалык паспортун тапшырды.Искакова Гүлзат Калыбековнанын 7 баласы бар, 2020-жылы жолдошу каза болуп, балдарын жалгыз тарбиялап келет. Буга чейин анын кызы интернет булактары аркылуу президенттин атына видео кайрылуу жиберген. Жиберилген кайрылуунун негизинде маалымат президентибизге жетип, аталган үй-бүлөгө жаңы турак-жай салып берди»,- дешти.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button