Коом
Бишкекте Кытайдын жарандары «өздөрү казган орго түшүп калышты»

Алар 24-апрелде чак түштө Бишкектеги парктан белгисиз адамдар 80 миң долларын карактап кеткенин айтып, милицияга арыз жазган.
Тергөө учурунда бул далилденбей, жалган болуп чыкканы айтылат. Мындан улам арыз жазган кытайлыктар — 40 жаштагы Ч.В. жана 37 жаштагы Х.Ш. алдамчылыкка айыпталып кармалды.



