Баткенде уюштурулган волейбол боюнча чемпионат жыйынтыкталды

Баткен шаарында 2023-жылдын 16-август күнү башталган милициянын ага сержанты Улан Сарыбаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча чемпионаты жыйынтыкталды.
Чемпионаттык турнирге республика аймагындагы ИИОнун кызматкерлеринен 11 команда катышып, ийгиликтерди багындырды.
1-орунду Ош ОИИБы, 2-орунду ИИМдин Атайын багыттагы полку, 3-орунду Бишкек ШИИББнын командалары ээлеп кубок, медаль, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Мындан сырткары ар бир номинациялар боюнча өзүнчө сыйлыктарга жетишип, Баткен ОИИБдин начальниги милициянын генерал-майору Мурат Боронов жакшы оюн көрсөткөндүгү үчүн “мыкты оюнчу” номинациясына ээ болду.
Кыргыз дене-тарбия «Динамо» коомдук бирикмесинин төрагасынын 1-орун басары милициянын отставкадагы полковниги Торокул Мадалиев ИИМдин спорт тармагына салым кошкондугу үчүн милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирип өттү.



