Спорт

Дүйнө чемпионаты (U-20): Жантөрө Мырзалиев күмүш медаль тагынды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Жантөрө Мырзалиев Амман шаарында (Иордания) өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, спортчу 63 кг чейинки салмакта катышты. Алгач 1/8 финалдык беттешинде беларус балбанын 10:1 эсебинде жеңди. 1/4 финалдык беттешинде АКШнын балбанын 8:5 эсебинде жеңди.

Жарым финалдык беттеште казакстандык балбанды 14:7 эсебинде жеңип, ал эми алтын медаль үчүн беттеште Ирандан келген балбанга жеңилип калды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button