Коом
Ала-Арча капчыгайында жаракат алган чет элдик туристтерди куткаруучулар алып түштү

Кечээ Жарылган жүрөк тоосунда 67 жаштагы украиналык Ж.Н. жана капчыгайдагы шаркыратмага жакын жерден Чехиянын 71 жаштагы К.Д. аттуу жараны буттарын кокустатып алганы тууралуу маалымат түшкөн.
Украиналык аялды «Ала-Арча» паркынын кызматкерлери Тез жардамга кызматына өткөрүп берген. Ал эми куткаруучулар чехиялык аялды тоодон көтөрүп түшүп, №4 шаардык клиникалык ооруканасына жеткирген.
Учурда экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.



