Коом

Казакстанда дарыяга чөгүп каза болгон 11 адам бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон

Түркстан облусунун акимчилиги Сырдарыя дарыясында 11 адамдын өлүмүнө алып келген кырсыктын чоо-жайын айтып берди. Сууга түшүүгө барган 20 адамдын 11и чөгүп кеткен. 

«Алар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Себеби алардын фамилиялары бирдей болчу. Ал жерде бир нече бир туугандар жана алардын балдары бар болчу. Туугандарынын айтымында, алар тойдон чыгып, дарыянын жээгинде эс алууну чечишкен. Ал жерде жээк абдан тайгак болуп, суу терең болгон. Бирөө чалынып жыгылып, чөгүп баштаган окшойт. Башкалары аны алып чыгууга аракет кылып, сууга киришкен. Алдын ала маалымат боюнча, алар бири-бирин куткарууга аракет кылып сууга чөгүп кетишкен. Бул жер сууга түшүүгө арналган эмес»,- дешкен акимчиликтен. ⠀

Кечээ, 21-августта Түркстан облусунун Сырдарыя дарыясында 11 адам сууга чөгүп каза болгон. Куткаруучулар жабырлануучулардын аты-жөнүн тактап жатат. «Орда» басылмасыжазгандай, 4 үй-бүлө дарыянын жээгине эс алганы барышкан. 21-август күнү кечинде 11 адам сууга чөгүп каза болгон — сегиз бала жана үч чоң адам.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button