Коом
Индияда эки өлкөнүн биргелешкен аскердик машыгуусу башталды

Индияда кыргыз-индиялык биргелешкен «Канжар-2024» машыгуусунун ачылыш аземи башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, машыгуу 3-февралга чейин уланат, ага Кыргызстандан «Скорпион» атайын багыттагы аскер бөлүгүнөн жыйырмага чукул жоокер катышууда.



