Өлкөдө жакынкы эки жылда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат
Кыргызстанда жакынкы эки жылда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат. Ага 40 миңден ашык бала барат, 5 миңден ашык тарбиячы туруктуу жумушка ээ болот. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңешинин жыйынында айтты.
Анын маалыматына караганда, өлкөдө мектепке чейинки билим берүүдө саясат өзгөрдү: лицензия алуу токтотулду, өкмөттүк акселератор менен үй тибиндеги бала бакчалар ачуу кеңири жайылды.
«Санитардык-эпидемиологиялык талаптар жөнөкөйлөштүрүлдү. Уктоочу бөлмөлөрдү оптималдаштырган пилоттук долбоор башталды, ага 122 миң баланы камтууга болот. Жакынкы эки жылда 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат, ага 40 миңден ашык бала барат, 5 миңден ашык тарбиячы туруктуу жумушка ээ болот. Бир сменде окуган мектептерде мектепке чейинки топтор ачылат, ага 73,5 миң бала камтылат. Жаңы бала бакчалар салынат», — деди ал.
Акылбек Жапаров 3 жыл аралыгында 214 мектеп жана кошумча имараттар курулганын белгиледи. Быйыл авариялык абалдагы 100 мектепке 7 млрд сом бөлүнгөн. Быйылкы жылдын 22-ноябрына карата 72 мектеп пайдаланууга берилди.



