Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков менен жубайы Мээрим Толепберген расмий ажырашканы айтылды

Эстрада жылдызы Мирбек Атабеков менен жубайы Мээрим Толепберген экөө эки жолго түшкөнүн жазды.
«Жомоктун да аягы болот. Менин жомогум — ал жакшы жана ошондой эле капага салган болду. Мен таланттуу артист катары, кыргыз элинин уулу катары Мирбекти аябай сыйлайм. Биздин 3 балабыз, сонун көз ирмемдер жана чогуу жашаган жылдар бар. Бирок жашоодо эки жолго түшкөн учур болот.
Мен чын жүрөгүмдөн ага жакшылык гана каалайм. Өз адамын тапсын. Бактылуу болуп, ден соолугу чың болсун. Жеңиш жана чыгармачылык бийиктикти каалайм. Жашоомдун белгилүү бир мезгилинде аны менен бирге болуу мүмкүнчүлүгү үчүн Жаратканга ыраазычылык билдирем. Биз менен болгон жакшы нерсе — бул балдарыбыз. Алар ата-энеси бактылуу болгондо гана бакытты сезет деп ишенем.
Мен эч нерсени түшүндүрбөйм жана айтпайм. Көп берилген суроого жооп берип жатып, бул тууралуу биринчи жана акыркы жолу жооп берем. Бул тууралуу айтуу мен үчүн абдан кыйын, бирок бизди түшүнөсүңөр деп ишенем. Баарыңарга бакыт жана сүйүү каалайм», — деп жазды ал.



