Дүйнө

Тажикстанда нөшөрлөп жааган жамгырдан 13 адам каза болду

Кечээ, 27-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Тажикстанда 13 адам каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Эмомали Рахмондун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жамгырдан Вахдат шаарында 11 адам, Рудаки районунда эки адам каза болгон. Рахмон премьер-министрге, ошондой эле Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу комитетине жаратылыш кырсыгынан жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүүнү тапшырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button