Коом

Салык органдары 31-августта кадимки режимде иштейт

КР салык органдарынын кызматкерлери 2023-жылдын 31-августунда кадимки режимде иштешет. Андыктан, салык төлөөчүлөр ушул күнү мүлк салыгынын суммасын эсептөө боюнча консультация ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы эске салат.

Белгилей кетсек, 1-сентябрда транспорт каражаттарына, турак үйлөргө, батирлерге, ошондой эле үй жанындагы, короо жай жана бак-чарба жер участокторуна салык төлөө мөөнөтү аяктайт.

Салыктарды каалаган банктын кассасынан, почта бөлүмүнөн, төлөм жана POS-терминалдардан, мобилдик жана Интернет-банкинг аркылуу, ошондой эле төлөм карталарын жана башка перифериялык түзүлүштөрдү колдонуу менен төлөөгө болот.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button