Коом
Бишкектин четиндеги Орок айылында жаңы стадиондун курулушу башталды

Садыр Жапаров бүгүн анын курулушуна капсула салды.
Өкмөт буга чейин жаңы стадион 20,78 гектар аянтка куруларын айткан. Жалпы сыйымдуулугу 35 миң орун, ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган. 1,5 миң жеңил унаа жана 100 автобус үчүн токтотуучу жай болот.
Президент ошондой эле Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион жакшыртыларын айтты.



