Коом
Өлкөдө эки кишилик тик учактар чогултулууда

Аларды Кыргыз-Россия экономикалык форумунда трансулуттук «Шумкар» корпорациясы көргөзмөгө койду.
Тетиктер Польшадан алып келинип, Кыргызстанда чогултулууда. Тик учактар 70 литр май менен 600 чакырымды учуп өтө алат. Ылдамдыгы саатына 120-160 чакырымга чейин жетери айтылды. Алар туризм жаатында, куткаруу, издөө иштеринде жана талааларга дары чачууда колдонулат.
“Булар кыска аралыкка учат, биздин тоолуу шартка ылайыкталган. Баасы 60 миң доллардан жогору. Тик учактарды башкарууну каалагандар 72 саатта атайын программанын жардамы менен үйрөнүп алса болот”, — деп сыпаттады транспортторду Кыргызстандык учкуч Союзбек Салиев.



