Оштогу Көк бөрү учурунда тартип бузган жарандарга кылмыш иши козголду
2023-жылдын 31-август күнү Ош облусунун «Төлөйкөн» ат майданында Көк-бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана жалпыга бирдей жүрүм-турум ченемдерин атайлап бузуп, бейбаштык жасаган 39 жаран кармалып келинген, анын ичинен 27 жаранга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 126-берене Майда бейбаштык менен протоколдор түзүлдү.
Ал эми 5 жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 280-берене Бейбаштык менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Алар: Ноокат районунун тургуну 23 жаштагы М. уулу А., Араван районунун тургундары 29 жаштагы И.А., 34 жаштагы А.Б., Өзгөн районунун тургуну 51 жаштагы Ж.Ж., жана Алай районунун 24 жаштагы К.уулу Б.
Азыркы учурда тергөө-оперативдик тактоо иштери улантылууда.Аталган окуя боюнча башталган тергөө иштери ар тараптуу жана кылдат текшерип юридикалык баа берип чекит коюу үчүн толук кандуу маалыматтар талап кылынат. Ошондуктан
Ушул окуя учурунда күбө болгон жарандардан бейбаштык жасаган жарандар боюнча кимде так маалыматтар жана видеотасма же сүрөттөр болсо Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына көмөк көрсөтүп, болгон маалыматтар менен бөлүшүүнү суранабыз.
Байланыш телефондору: 03222 6-65-22, 0701 106 060.




