Коом

Бишкекте курулуп жаткан объектилердин убактылуу тосмолору иретке келтирилүүдө

Бишкекте курулуп жаткан объектилердин айланасындагы убактылуу тосмолордун эстетикалык көрүнүшүн иретке келтирүү уланууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүнкү күндө 8 менчик ээлери тосмолорду иретке келтирди

— Фучик көчөсү, 38 дарегиндеги 12 кабаттуу турак үй;
— Орозбеков көчөсү, 43 дарегиндеги мейманкана;
— Горький көчөсү, 33 дарегиндеги көп кабаттуу үй;
— Абдымомунов/Исанов көчөсүндөгү 12 кабаттуу бизнес борбору;
— «СК Авента Строй» ЖЧКсы, Гражданская көчөсү, 24 дарегиндеги жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 9 кабаттуу көп батирлүү турак жай;
— Загорская көчөсүн бойлой өз аймагындагы турак жайлары жана жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жай;
— «Делмар Групп» ЖЧКсы Кийизбаев көчөсү, 32, 34, 36, 38-38а, 40 даректериндеги өз аймагындагы СКБ объектилери бар 12 кабаттуу көп батирлүү турак жай;
— Салиева көчөсү, 204 дарегиндеги 12 кабаттуу турак жай;

Эскерте кетсек, мурда курулган объектилерге убактылуу тосмолорду ирээтке келтирүү тууралуу билдирүүлөр берилген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы муниципалдык администрациялар менен биргеликте мындай мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тынымсыз иш алып барууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button