Коом

УКМК: Абактагы Равшан Жээнбековдун УКМК тарабынан кыйноо жана куугунтук уюштурулду деген билдирүүсү жалган

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети саясатчы Р.Жээнбековдун УКМК тарабынан кыйноо жана куугунтуктоо уюштурулду делген боюнча билдирүүсүн жалган экенидигин маалымдайт.

Белгилей кетүүчү нерсе, Р.Жээнбековго карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлүп жатканын билдирет.

Азыркы учурда, саясатчы Р.Жээнбеков КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө камак жайында камакта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасында чыр-чатакка жана башаламандыкка багытталган мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандар үчүн тиешелүү жоопкерчиликтер каралгандыгы боюнча кайрадан эскертүүгө мажбур болууда, — деп билдирди УКМКнын маалымат борборунан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button