Коом

Ленин району боюнча кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы АСУнун маалыматы менен дал келди

Бул Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңештин жаңы депутаты болду дегенди түшүндүрөт.
Ал арада жеңишке жетпей калган башка талапкерлер шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын билдиришти. 

Үчүнчү орунду ээлеген Аскар Алмаз уулу добуштар сатылып, көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун айтты. Ал шайлоо таза эмес өткөнүнө нааразы болуп, президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевге кайрылды. 

Ал эми экинчи орунга чыккан Русланбек Тагаев шайлоонун жыйынтыгына укук коргоо органдары туура баа берерин билдирди. 

Дагы бир кандитат Ыргал Кадыралиева “көптөгөн мыйзам бузуулар” болгонун айтууда. Ал Садыр Жапаровдун шайлоо таза өтсүн деген тапшырмасы аткарылбаганын билдирди. 

@user2

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button