Окуялар

Кара-Кулжада эжесин өлтүрүп, изин жашырган 16 жаштагы өспүрүм кармалды

Кара-Кулжа РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө  102 телефону аркылуу Кызыл-Жар аймактык милиция болүмчосүнүн милициянын учаткалык уполномоченныйдан маалымат келип түшкөн, анда ал: 2021-жылдын 8-сентябрынан 9-сентябрына караган түнү Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл аймагынын Көк-Арт айылынын тургуну 27 жаштагы Б кызы Б., ошол эле айылга  караштуу  Бото-Мойнок жайлоосунда мал сарайда асынып каза болуп калганын билдирген.

Аталган окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР жазык кодексинин 136-берененин (Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) 1-бөлүмү  менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып,соттук медицина экспертиза дайындалган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө Кара-Кулжа РИИБнин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш чаралардын алкагында маркум киши колду болуп каза болгондугу аныкталган. Маркумдун денесин кылдат текшерүү максатында дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 130-беренесинин  1-бөлүмүнө (Адам өлтүрүү) квалификацияланган.

Жогорудагы факт боюнча, Кара-Кулжа РИИБдин  ыкчам иш аракеттеринин натыйжасында шектүү катары Кара-Кулжа районунун Алайкуу айыл аймагынын тургуну 16 жаштагы К.И., кармалып, 2021-жылдын 11-сентябрында Кара-Кулжа РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп,  РИИБдин убактылуу кармоочу жайына  киргизилген. Ыкчам- тергөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү болгондой кылмышка шектүү маркумду муунтуп өлтүрүп, кылмыштуу аракетин жашыруу максатында жансыз денени өзү асынып алгандай кылып асып койгондугу белгилүү болгон.Кылмышка шектүү менен жабырлануучу атасы башка энеси бир болгон.  Сөз талашып уруша кетип, аягы ушундай өкүнүч менен аяктаган.

Сотко чейинки өндүрүш иши боюнча шектүү катары өтүп жаткан К.И.-нин  бөгөт коюу чарасын тандоо үчүн Кара-Кулжа райондук сотунун тергөө судьясына өтүнүч келтирилип, анын бөгөт коюу чарасы катары 2 (эки) айлык камак түрү тандалып алынган.

Бүгүнкү күндө, аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

Ош ОИИБдин басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button