Коом
Тоңдо чөбү өрттөнгөн жаранга айылдаштары чөп жыйып беришти

8-сентябрда саат 14:00 чамасында Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Болот Мамбетов айыл аймагынын Эшперов айылында Болотбек Маатаевдин жыйнап койгон чөбү өрттөнүп кеткен.
Бул тууралуу аталган айыл аймактын соцтармактагы баракчасына жазылып, видео бөлүшүштү.«Болот агабыз кейип турганда Эшперов айылынын 9-сентябрь күнү чөп ордун толуктап беришти. Ынтымак бар жерде ырыс бар. Жараткан өзү ар кандай кырсыктардан сактасын»,- деп айтылат маалыматта.



