Окуялар

ВИДЕО: Баткенде окуучулар мушташып, 3 окуучу жаракат алды

Баткен облусунун Баткен районунда мектеп окуучулары арасында массалык мушташ орун алды. Алардын мушташып жаткан видеосу социалдык тармакка тарады. Анда балдар бири-бирин тепкилеп жатканын көрүүгө болот.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя Кара-Бак айылында орун алган, жаңжалдын кесепетинен 3 окуучу оор абалда ооруканага жеткирилген.

Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан окуя боюнча маалымат даярдалып жатканын билдиришти.



Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button