Коом

Кургакчылык жана аптаптуу ысыктан улам эгин аз жыйналды. Статкомдун маалыматы

Кургакчылык жана аптаптуу ысыктан улам быйыл эгин аз жыйналганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалымат 23-августка карата берилген. Түшүм 394,8 миң гектардан жыйналган, бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу бир пайызга аз көрсөткүч.

Аталган убакытка карата эгиндин жыйналган көлөмү 68 пайызды түзгөн, Чүй облусунда 81 пайызга, Баткенде 73, Ош облусунда 70 пайызга жетти.

Ысыктан улам буудай түшүмүнүн көлөмү 29,7 пайызга кыскарса, арпаныкы 43,6 пайызга азайган.

Ал арада картошканын түшүмү 8,1 пайызга, жашылчаныкы 3,8 пайызга, ал эми мөмө-жемиштики 1,7 пайызга жогорулаган. Бул эгилген аянттын кеңейгенине байланыштуу экени айтылды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button