Окуялар

УКМК: Ысык-Көл облусунда ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылды — ФОТО

Уюшкан кылмыштуу топтордун жана террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, КР УКМК кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун Булан-Сөгөтү айылында ок атуучу куралдар жана ок-дарылар сакталган жай табылып, алынды.

Тактап айтканда, күжүрмөн тапанча (револьвер) — 1 даана; мергенчиликтин жылмакай сайлуу мылтыктары (араланган мылтык) — 2 даана; 6 даана 9 мм калибрлүү патрондор.

Тергөөнүн караштуулугу боюнча материалдар Ысык-Көл облусунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (Куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) боюнча кылмыш иши козголду.

Учурда бул багыттагы ыкчам издөө иш-чаралары Ысык-Көл облусунун аймагында уланууда, — деп билдирди УКМКнын Басма сөз кызматынан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button