Коом
«2-топтогу майыптыгы бар». Чүйдө Курманбек Кадыркулов дайынсыз болуп жатат

Сокулук РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1986-жылы туулган Кадыркулов Курманбек Мамажанович изделип жатат. Ал 17-августта Сокулук районундагы Чат-Көл айылынан чыккан бойдон кайра кайтып барган эмес. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 2-топтогу майып. Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн же билген болсо, 0312 607567, 0313453380 номурларына чалсаңар болот.



