Коом
Бүгүнкүгө карата аба-ырайы
Өрөөндөрдө күн күркүрөп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Айрым учурларда ылдамдыгы 15-20 метрге жеткен шамал болот.
Бишкекте түштөн кийин өткүн өтүшү мүмкүн. Абанын температурасы борбордо +24…+26, Ош шаарында +25…+27 градус болору болжолдонду.
Айтмакчы, кечээки аба ырайы менен салыштыра келгенде бир градуска айырма байкалды.
Синоптиктер облустар боюнча төмөнкүдөй маалыматты беришти:
▪️Чүйдө +21…+26;
▪️Таласта +20…+25;
▪️Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +25…+30;
▪️Ысык-Көлдө +18…+23;
▪️Нарында +21…+26 градус болот.
Күнүңүз куунак болсун!
@user22



