Саясат
Садыр Жапаров Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Эмомали Рахмон менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон менен жолукту.
Бул тууралуу мамлекет жетекчисинин маалымат кызматы кабарлады.
Өлкө лидерлери кыргыз-тажик эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын жана келечегин талкуулашкан.Жапаров менен Рахмон кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруп, башка темалар боюнча да пикир алмашты.



