Чүй ОИИББнын Селекционное айылындагы окуя боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында айтылган билдирүүлөргө жообу

Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү милициянын ишинин артыкчылыктуу багыты болуп саналат жана үй-бүлөлүк зомбулукка, айрыкча аялдарга жана балдарга карата жол бербөө боюнча иштер туруктуу негизде жүргүзүлүп турат. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү боюнча өздүк курамынын алдына конкреттүү милдеттер коюлуп, ички иштер органдарынын кызматтары тарабынан аларды ишке ашыруу боюнча иш-чаралар иштелип чыгып, кызматтарынын башчылары тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынган.
Сокулук районунун Селекционное айылында болгон окуяга милициянын реакциясы өз убагында болуп, болгон окуядан да оор боло турчу кесепеттерге жол бербеди.
Кененирээк маалымат бере турган болсок, окуя боюнча маалымат жабырлануучунун кошунасынан саат 07.00дө келип түшкөн, жабырлануучунун батиринде шектүү ызы-чуу салып жатканын билдирген.
Сокулук РИИБдин эки милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлү саат 07.15 те окуя болгон жерге келип, жеринде батирдин ичи кан болуп жатканын көрүшүп, куралдуу каршылык көрсөткөн шектүүнү кармашкан. Андан соң милиция кызматкерлери Кун-Туу айылдык милиция бөлүмчөсүнө алып барышып, тез жардам кызматына кабарлашкан.
Шектүүнү айылдык бөлүмчөгө жеткирип, кайра окуя болгон жабырлануучунун батирине келишкен. Ал жерден тез жардам келе электигин билип, өзүлөрүнүн кызматтык унаасы менен жабырлануучуну ооруканага алып барышкан.
Учурда кылмыш жасаган адам Сокулук РИИБдин тергөө органдары тарабынан кармалып, шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынында бул окуядан тышкары жабырлануучу мурда дагы милицияга кайрылып, реакциясыз калган деген билдирүүгө төмөнкүдөй жооп беребиз.
2022-жылдын сентябрь айында жабырлануучу 1987-жылы туулган Н.А. Сокулук РИИБке арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу Э.А. 31-август күнү Селекционное айылында кармап алып, күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Бул факты боюнча 2022-жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголуп, 1984-жылы туулган Э.А. камалып, айыбы угузулуп, бөгөт кою чарасы камака алуу түрү тандалып, соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо жабырлануучу тосмо арыз менен кайрылганына байлыныштуу кылмыш иши сотто кыскартылган.
Андан сырткары 2023-жылдын 31-январында Н.А. кайрадан арыз менен кайрылып, мурдагы жолдошу Э.А. ошол эле Селекция айылындагы жабырлануучунун үйүндө күч колдонуп дагы зордуктаганын билдирген.
2023-жылы 31-январь күнү Сокулук РИИБдин тергөө кызматында аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнын 154-беренеси (зордуктоо) менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле 31-январь күнү А.Э. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-97 беренелеринин негизинде кармалып, айыбы угузулуп, бөгөт коюу чарасы камакка алуу чарасы колдонулуп, Сокулук райондук сотуна соттук кароого жөнөтүлгөн. Соттук кароодо Сокулук райондук сотто А.Э. карата пробациялык көзөмөлгө алуу боюнча өкүм чыгарган. Ал өкүмгө наарызы болгон айыпталуучу А.Э. Чүй облустук сотко даттанган.
Учурда ал кылмыш иши боюнча соттук кароо жүрүп жатат.



