Коом

Улан Ниязбеков “Туризм коопсуздугун чыңдоо” аталышындагы комплекстүү жаңы план иштеп чыгууну тапшырды

2023-жылдын 25-сентябрында ички иштер министри Улан Ниязбеков ички иштер органдары тарабынан коомдук тартипти сактоо багытында аткарылган иштер жана жайкы туристтик мезгилдеги коопсуздукту камсыздоонун жыйынтыктары жөнүндө онлайн кеңешме өткөрдү.


Онлайн чогулуштун жүрүшүндө министр Улан Ниязбеков: “Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жайкы туризм аяктап, кышкы туризм мезгили жакындап калды. Бул багытты ар тараптан өнүктүрүү — ар бир мүмкүнчүлүгү бар мамлекеттин стратегиялык максаты болуп саналат. Азыркы кездеги жарандардын эс алуу ыңгайлуулугу, жашоонун маанилүү бөлүгүнө айланды десек болот. Былтыр биздин өлкөгө 2 миллион турист келген болсо, быйыл болжолу менен 10 миллиондон ашты деген маалыматтар бар. Мунун баарын сиздерге эмнеге айтып жатам, анткени туризм коопсуздугу убакыт өткөн сайын жакшыруу жолуна өтүшү керек. Биздин өлкөгө чет мамлекеттен келген жана жергиликтүү эс алууга чыккан адамдардын саны барган сайын өсүп жаткандыгын белгилеп өттүм.
Бирок, жарандардын коопсуздугу боюнча, чындыгында бир катар орчундуу жана тез арада чечүүгө муктаж болгон көйгөйлөр бар. Эң башкысы туризмдин ар кандай түрлөрүнө жараша коопсуздук тутуму сапаттуу түзүлүшү керек. Мындай тутум, бардык коркунучтар менен тобокелдиктерди, ошондой эле жагымсыз окуяларды өз учурунда аныктоого жакшы мүмкүндүктөрдү жаратат. Эң алгач, олуттуу деп эсептелген экономикалык, экологиялык жана сервистик тейлөө багыттарындагы шарттарды түзүүгө комплекстүү иш-чаралар болушу зарыл.


Себеби, өлкөбүздүн туристтик имиджин көтөрүү, динамикалуу темп менен өнүгүү аркылуу региондордун инфра-түзүмүн жакшыртууга жигердүү салым кошууга баарыбыз милдеттүүбүз. Ал үчүн, эс алуу аймактарында катталган кылмыштардын, окуялардын жана жол кырсыктарынын эсебин чыгарып отура бербестен, ар бириңиздер коопсуздукту бекемдөөгө басым жасаңыздар.
Бирок, жайкы туристтик мезгилде бир катар жагымсыз фактылар катталгандыгын баарыңыздар жакшы билесиздер. Коомдук тартипти сактоодо жергиликтүү ички иштер органдары көп сандаган эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоодо чама чаркы чамасы жетпей калды. Анткени, эскилиги жеткен ыкмада күч-каражаттарды колдонуп, бирок жаңы заманбап шартта элди тейлөө функциясы жокко эсе болгондуктан, кемчиликтер келип чыкты”,-деди.


Жогорудагылардын негизинде Улан Ниязбеков ИИМдин коомдук коопсуздук кызматына, тергөө кызматтарына, кылмыш иликтөө, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, финансы-чарбалык камсыздоо жана кадрлар башкы башкармалыктарына жер-жердеги шаар-облустук башкармалыктарына төмөнкүдөй тапшырмаларды берди:

  • “Туризм коопсуздугун чыңдоо” аталышындагы комплекстүү планды иштеп чыгыңыздар. Жер-жердеги жетекчилер жайкы жана кышкы туризм учурунда жарандардын коопсуздугун камсыздоонун бардык көйгөйлөрүн талдап, жаңы мүмкүнчүлүктөр менен иш алып баруу боюнча сунуштарды даярдап, коомдук коопсуздук кызматына жөнөтүңүздөр. Бул план, катардагы жумушчу план эмес, бардык багыттарды өзүнө камтыган, ар бир жетекчинин жоопкерчилиги көрсөтүлгөн, бейпилдиктин бардык түрүн өнүктүрүүгө кадам таштаган реалдуу план болсун;
  • Туризм аймактарында акыркы эки жылда орун алган кылмыштарды, укук бузууларды, жол кырсыктарын жана элге жат көрүнгөн окуяларды эске алып, алардын кайталануусуна бөгөт коюуга жөндөмдүү иш-чаралар уюштурулсун;
  • Иш жүктөмү көп жана зарыл болгон региондорго кошумча штаттык бирдик берүү, сервистик тейлөө сапатын жакшыртуу, жардам сурап кайрылган жарандарга ыкчам көмөк көрсөтүү, кызматкерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүп, материалдык-техникалык каражаттарды камсыздап, заманбап методдор менен иштөө жумуштары белгиленсин;
  • Эл аралык мыкты тажрыйбаларды эске алып, ишке киргизүү, кошумча укуктук нормаларды иштеп чыгуу маселеси каралсын. Эң негизгиси физикалык коопсуздук менен чектелбестен, бүтүндөй индустриянын бейкуттугун ишке ашырууну тапшырам. Бул план – 2024-жылдын башында толугу менен ишке киргизилип, кийинки жылы ушул убакта анын натыйжаларын жана жетишкендиктерин талкуулай турган абалда бололу.
    “Жакында эле Тоң райондук ички иштер бөлүмү, жергиликтүү райондук администрация тарабынан баардык талаптарга жооп берген планшеттер менен камсыз болушту. Жакын арада Ысык-Көл облусундагы райондук жана шаардык бөлүмдөр ушундай санарип каражаттар менен жакынкы арада толугу менен камсыздалышат. Бардык ички иштер органдары бул саамалыкты улап, санарип тутумун ишке ашыруу боюнча жергиликтүү бийлик органдары жана тиешелүү тараптар менен сүйлөшүп, бирдиктүү инновациялык каражаттарды алуу аракеттерин көрүңүздөр.
    Мүмкүнчүлүктү пайдаланбай же убакытты текке кетирген жетекчилердин жоопкерчилигин сөзсүз карайбыз. Кайсы райондук ички иштер бөлүмүндө канча видеокамерага мониторинг жүргүзүлүп, элдин коопсуздугу сакталып, санарип технологиялардын саны канча деген эсептерди чыгарып, аракет жасабаган жетекчилерге катуу чараларды колдонобуз. Айтылган талаптарды жер-жердеги айылдык милиция бөлүмчөлөрүнүн башчыларына чейин жеткирип коюңуздар. Ошондуктан, туристтик аймак деп эсептелген жерлерде гана эмес, бардык региондордо коопсуздуктун жагымдуу шарттарын түзүүгө жетели. Заманбап кластерлерди ишке киргизип, видеокамералардын жардамы аркылуу “Коопсуз айыл”, “Коопсуз аймак” аталыштагы баскычтарга өтүү — баарыңыздардын бийик максатыңыздар болуп эсептелсин. Кандай гана мезгил болбосун, өлкөдөгү коопсуздук системасы дайыма иштеп турушу зарыл.

  • Элдин кызматында жүргөн ар бир кызматкер, жүктөлгөн милдеттерин так аткарып, ички иштер органдарынын артыкчылыгын бийик коюусу абзел. Калк менен биринчи кезекте иш алып барган жергиликтүү мамлекеттик органдардын жооптуу адистери, эл арасындагы активдүү өкүлдөр менен бирге “Укук бузууларды алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамынын талаптарын аткарууну колго алып, көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттерди көрүңүздөр. Коомдук тиртипти сактоода алдын алуу боюнча таасирдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, ишмердиктин натыйжасын көрсөтүүгө басым жасаңыздар.
    Көмүскө экономиканы тизгиндөөгө, эл арасында ар түрдүү туура эмес ой-пикирлерди жөнгө салууга, мыйзамдардын талаптары баарына бирдей экендигин калыптандырууга, кылмыштарды жана укук бузууларды өз учурунда аныктоого багытталган “Административдик аймактын электрондук паспорту” долбоорун жайылтууга баарыңыздар кам көрүңүздөр.
    Азыркы учурда, Бишкек жана Ош шаарларында бул долбоор иштеп келүүдө. Нарын, Каракол, Балыкчы, Токмок, Кара-Балта, Жалал-Абад шаардык ички иштер органдарын планшет жана боди-камералар менен камсыздоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Ош облустук ички иштер органдарын, ушундай эле технологиялар менен жабдуу боюнча аракеттер көрүлүп жаткандыгын белгилеп кетмекчимин”,-деп ИИМ башчысы туристтердин жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо чаралары боюнча кайрылуусун жыйынтыктады.
    Жогоруда аталган маселелер боюнча ИИМдин кызматтары менен башкармалыктарынын жана шаардык жана облустук жетекчилердин ушул багыттагы ишмердүүлүктөрү кеңири талкууланды.
    Онлайн режиминде өткөн жыйындын ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button