Коом

Мадумаров бүгүн-эртең абактан бошотулушу керек

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө даттанып андан жогорку инстанцияга — Бишкек шаардык сотуна кайрылган жок. Бул тууралуу анын жактоочусу маалымат каражаттарына Юлия Богданова ырастады.

Анын айтымында, бул эл өкүлүнүн чечими.

«Анын калоосу, башка комментарий бере албайм. Мыйзам боюнча бүгүн-эртең абактан бошотулушу керек», — дейт жактоочу.

Белгилей кетсек, 26-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Мадумаровду өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык жана бийликтен аша чабуу  айыбы менен күнөөлүү деп тапты. Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен, ага жаза берилген жок.

Мадумаров андан ары даттанбай, соттун өкүмүнө макул болсо, ал депутаттык мандатынан айрылат.

Саясатчы 2023-жылдын сентябрь айында кармалган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button