Коом
Курулуш компаниядан батир сатып алган 14 үй-бүлө көчөдө калышы мүмкүндүгүн айтып чыгышты

Алар 2017-жылы беш жылга бөлүп төлөө жолу менен Лев Толстой көчүсү №242А дарегиндеги көп кабаттуу үйдөн бир бөлмөлүү батирлерди алышкан.
Жашоочулар былтыр толугу менен төлөп кутулган, бирок компания документин өткөрүп бербей жаткан.
Ал эми 21-сентябрда “Кыргызстан коммерциялык банкы” тургундарга кат жөнөтүп үйлөрдү “ОргТехСтрой” күрөөгө коюп, ал кредитин убагында төлөй албай калганын билдирген. Андыктан 14 батирди бошотуп коюшун талап кылган.
Банк курулуш компаниядан үч жылдан бери карызын өндүрө албай жатканын билдирди. Кредиттин суммасы миллиондоп саналат. Андыктан сот ушундай чечим чыгарган.
“ОргТехСтрой” болсо элди көчөдө калтырбай, жаңы жылга чейин маселени чечүүнү убадалады.



