Коом

Эки депутат кайым айтышты «Болгону алып баруучусуңар», «Нормальный» сүйлөңүз»

Бүгүн, 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жусупбек Коргонбай уулу менен вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев айтыша кетти.

«Урматтуу вице-спикерлер, силер алып барып жатканда депутаттарга аяр мамиле кылсаңар. Акылбек Тогузбаевичтин (ред. Түмөнбаев)сунушун добушка салып коюңуз», — деди депутат.

«Түшүнгөн жокмун. Силерге дагы мындан артык кандай аяр мамиле жасоо керек?» — деп суроо салды вице-спикер.

«Мени кайталатпаңыз. Кечээ көрдүк», — деди ага депутат.

«Төрага айтып кетти. Ошол моментте төрагага айтпайт беле?» — деди вице-спикер.

«Силер ал жерде болгону алып баруучусуңар. Ар бир депутатты сындап… Эч кандай башка депутаттан айырмаңар жок», — деди депутат Жусупбек Коргонбай уулу.

«Нормальный» сүйлөңүз. Макулбу? Мен сизге айтып коёюн. Эмне эле болуп жатасыңар?» — деди вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button