Коом
Бишкекте 21 киши шаурмага ууланды

Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы алардын 15и Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылганын маалымдады. Тез татым жайлары Чүй/Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Ооруканага жаткандардын экөө балдар.
Алты адам үйүнөн дарыланууга чыгарылган.
Кардарлар ууланган тез татым жайларын иштеткендерге 72 миң сом айып салынып, кемчиликтерин жойгуча деп жабылды.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев чукул жыйын өткөрдү.
@admin



