Коом
2027-жылы ажылыкка барчу зыяратчылар бирдиктүү форма кийишет

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2027-жылы ажылыкка бара турган зыяратчылар үчүн бирдиктүү форма тигүү боюнча сынактын жеңүүчүсүн аныктады.
Тандоонун жыйынтыгында жайкы жилеттерди тигүү боюнча буйрутма жеке ишкер Байымбет Акматовго берилди.
Муфтиятта белгиленгендей, бирдиктүү форма уюштуруучуларга кыргызстандык зыяратчыларды айырмалап таанып, ажылык учурунда тартипти камсыз кылууга жардам берет.



