Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстан Ысык-Көлдө чек ара коопсуздугун талкуулады

Ысык-Көлдө Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын чек ара ведомстволорунун өкүлдөрүнүн аймактык жолугушуусу башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, тараптар чек арадагы кырдаалды, буга чейинки иштин жыйынтыктарын жана мындан аркы кызматташуу багыттарын талкуулашты.
Иш-чарага Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев, Казакстандын Чек ара кызматынын директору Ерлан Алдажуманов жана Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлеринин командачысынын биринчи орун басары Назрулло Хисайнзода катышууда.
Жолугушууда кыргыз-казак жана кыргыз-тажик чек араларынын чектеш тилкелериндеги өз ара мамилеге өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар чек ара инциденттерин алдын алуу жана алардын күчөп кетишине жол бербөө боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулашты.
Аймактык жолугушуу эртең да уланат.



