“Таксист өпкүлөдү” деп ыйлаган кыздын видеосу боюнча милиция маалымат берди

Бүгүн, 2-октябрда социалдык тармактарда 17 жаштагы кыздын Ош ШИИБдин имаратынын алдында ыйлап жаткан видеосу жарыяланган. Ал видеодо жаш кыз милиция кызматкерлерине нааразычылыктарын айтып, кабыл албай койгондугун билдирген.
«Мен таксиге түшкөм. Мени үйгө жеткирген. «мен сага акча берем деп, мойнумдан өпкүлөп эле кетип жатты. Мен милицияга келип, аны айткандан уялып, «телефонумду такси алып койду» деп айтсам, телефонумду чөнтөгүмдөн таап, мени чыгарып койду. Мени таксист ушинтип койду деп айта албайм да»,— деди кыз ыйлап.
Ош ШИИБ окуя боюнча маалымат берди. «2-октябрга караган түнү Ош ШИИБге арыз менен Ош шаарында туруктуу жашаган жери жок, Жалал-Абад облусунун тургуну 2006-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, аны Ош шаарында таксист сексуалдык ыдык көрсөткөндүгүн айтып арызданган. Ал арызы Ош ШИИБдин электрондук маалымат журналына катталган. Ыкчам-тергөө тобу тарабынан такси кызматын көрсөткөн айдоочу жана кубө, суралган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө телефон кыздын жанынан табылган, ошондой эле кызга акча каражаты зарыл болгондугу аныкталган.
Тергөө кызматынан чыккан соӊ, арыздануучу кыз Ош ШИИБдин имаратында «мени милиция кызматкердери кабыл албай жатат» деген мазмунда башка жаранга ыйлап айтып берген. Бул кыздын арызы боюнча ар тараптуу тергөө иштери уланууда. Такси кызматындагы жарандын, арыздануучу кыздын жана кубөлөрдүн берген маалыматтары ар тараптуу текшерилет. Социалдык жактан коргоо кызматтары менен биргеликте дагы иш алып барылат. Арыздануучу Жалал-Абад облусунун тургуну. Мурда бир нече ирет Ош облусунун жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгына ар кандай жарандардын үстүнөн арыз менен кайрылган. Арыздары боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Ош ШИИБдин жашы жетелектер менен иштөө инспекторлору тарабынан рейд учурунда кармалып, бир нече ирет социалдык коргоо кызматына өткөрүп берилген. Арыздануучу кыздын жүрүм-туруму, тагдыры тууралуу толук маалыматтарды берүүгө мыйзамдар жана кыздын жашы жетелек экендиги жол бербейт»,- дешти милициядан.



