Коом

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунда 665 млн 867,4 миң сом финансылык бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан аудитордук иш планына ылайык,  Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 2019-2022-жылдар аралыгына (4 жыл үчүн: 2019-жыл, 2020-жыл, 2021-жыл, 2022-жыл) карата бюджеттин аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен аныкталган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 665867,4 миң сомду түзгөн, анын ичинен:

Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумундагы бюджеттерди аткаруудагы бузуулар жана кемчиликтер   310928,9 миң сом;

мүлктү пайдалануудагы бузуулар жана кемчиликтер 163448,9 миң сом;

эсеп жана отчеттуулук тартибин бузуулар 163572,4 миң сом;

мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө мыйзамды бузуулар  27917,2 миң сом.

Аудит учурунда калыбына келтирүүгө тийиш болгон 249047,0  миң сомдун ичинен 152596,1 миң сому өндүрүлгөн. Жалпы 17  жол-жоболук бузуулар аныкталган.

Аудиттин жыйынтыгы Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясынын жетекчилигинин, бөлүм башчыларынын жана финансы кызматкеринин катышуусу менен аймактык бөлүнүштүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Отчет, сунуш; аудит объектисине аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйрук, сунуш жөнөтүлгөн.

КРУКМК Ысык-Көл областы боюнча башкармалыгына укуктук баа берүү үчүн төмөнкүлөр жиберилген:

Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча дирекциясында 2019-жылдын  1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки  мезгил аралыгына карата (4 жылга ) бюджеттин аткарылышына жана ишине  жүргүзүлгөн шайкештик  аудиттин жыйынтыгы боюнча Отчет;

  “Covid-19” коронавирус пандемиясы учурунда Балыкчы шаарынын тургундарына  8750 кг (175 мешок) ун азыктарын 275,6 миң сомго (жабдуучу “Дөөлөт Трейдинг” ЖЧКсы) жана 423,5 мин сомго (жабдуучу жеке ишкер “А.Н. Бектурганов”) тамак-аш азыктарын тастыктоочу иш кагаздары жок таратылгандыгы боюнча материалдар;

К. Жантөшев атындагы Ысык-Көл областтык драмалык театрына материалдык – техникалык базасын чыңдоого (жабдуучу “Вертекс Ком” ЖЧКсы) 750,0 миң сомго Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптары аткарылбастан, техникалык спецификацияга жооп бербеген кичиавтобус сатылып алынгандыгы боюнча материалдар.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button