Коом

«Айыл башчысымын» деп алдагандар да бар. Ысык-Көлдө он күндүн ичинде 28 мас айдоочу аныкталды — ВИДЕО

Ысык-Көл ОИИБ боюнча ЖКККБнын тескөөчүлөрү тарабынан акыркы он күндүн аралыгында 1226 жол кыймылынын эрежелерин бузуу фактылары аныкталып, анын ичинен 28 айдоочу мас абалында автоунааларын башкарып жаткан жеринен токтотулду. Айып пул төлөнүүчү жайга 45 автоунаа киргизилди.

29-январь күнү, Каракол шаарынан 52 жаштагы жарандын башкаруусундагы «Мерседес» үлгүсүндөгү автоунаа токтотулганда, айдоочудан алкоголдук ичимдиктин жыты сезилип турган. Медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөргөндө, айдоочу мас абалында экендиги аныкталган. Айдоочу милиция кызматкерлери менен сүйлөшкөндө, өзүн Ак-Суу районунун айыл аймактарынын биринин башчысы катарып таныштырып, күбөлүгүн көрсөткөн. Кийинчерек, айдоочу райондун социалдык коргоо бөлүмүнүн башкы адиси экендиги тастыкталган.

Айдоочуга карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 193 (Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы же транспорт каражатын башкарууга укугу жок адамга транспорт каражатын башкарууга берүү) беренесинин негизинде протокол түзүлүп, айып пул салынды. Автоунаа айып пул төлөнүүчү жайга токтотулду.

30-январь күнү болжол менен түнкү саат 01.10 чамаларында Жети-Өгүз РИИБне «Тез жардам» станциясынан билдирүү түшүп, анда Кызыл-Суу жана Оргочор айылдарынын ортосунда жол кырсыгы орун алгандыгы маалымдалган. Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге  райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу жиберилген.

Алдын ала териштирүү боюнча, Жети-Өгүз РЭСтин «Фольксваген – Гольф 3» үлгүсүндөгү кызматтык автоунаасын 34 жаштагы айдоочу башкарып бара жатып, карама-каршы келе жаткан «Хонда-Одиссей» үлгүсүндөгү автоунааны сүзүп, жол кырсыгына учураган. Жол кырсыктан улам, кызматтык автоунаанын айдоочусу денесинен жаракат алып, райондук ооруканага жаткырылган. Медициналык күбөлөндүрүү көрсөткөндөй, кызматтык автоунаанын айдоочусу жол кырсыгы учурунда мас абалында болгону аныкталган.

Жол кырсыгы боюнча чогулган иш кагаздар юридикалык баа берүү үчүн, райондук милицинын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Автоунаа айып пул төлөнүүчү жайга киргизилди,- деп билдирди Ысык-Көл ОИИБдин басма-сөз кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button