
Түркияда кезектеги масштабдуу жер титирөө Дарданел дарыясынын жээгиндеги Чанаккале порт шаарына жакын жерде болушу мүмкүн. Бул тууралуу түрк сейсмологу Доган ПеринчекРИА Новостиге билдирди.
Анын айтымында, болжол менен 250 жылда бир жолу аталган аймакта күчү 7 баллга жакын катуу жер титирөө болуп турат, акыркысы 287 жыл мурун болгон. «Убакыт келди, жер титирөө каалаган учурда башталышы мүмкүн. Мармара деңизинде жасаган байкоолорум бул божомолду ырастайт», — деди адис.
«10 жылдан ашык убакыттан бери атайын карталардын жардамы менен өлкөдөгү сейсмикалык активдүүлүккө күн сайын мониторинг жүргүзүү жана анализдөө менен алектенип келем. Үч жылдан бери Чанаккаледе жер титирөөнү алдын ала айтып келем», — деди окумуштуу.



