Саясат
Садыр Жапаров Казакстандын “Алтын кыраан” ордени менен сыйланды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын Алтын кыраан ордени менен сыйланды.
Аны Кыргызстанга расмий сапары менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тапшырды.
Алтын кыраан — Казакстандын жогорку өзгөчөлүк белгиси. Ачык булактардагы маалыматка караганда, бул орден менен Казакстанга өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн 24 чет элдик лидер сыйланган.



