Коом
ЖККУнун Кыргызстандагы машыгуусу кызуу жүрүүдө

Сценарийге ылайык, аскер күчтөрү өзүнө бөлүнгөн аймакта тынчтык орнотуу операциясын жүргүзүшөт. Ага кургактагы бөлүктөр, авиация жана согуштук катерлер тартылган.
Аскердик контингенттер көзөмөл-өткөрүү пунктуларында иш-аракеттерди, фильтрациялоо пунктунда жана качкындар лагеринде тапшырмаларды аткарууда. Ошондой эле гуманитардык жүк колонналарын коштоп, эл жашаган аймакты курчоо жана деңиз кемесиндеги “барымтадагыларды” бошотуу боюнча машыгып жатат.
Иш-чарага 1500гө жакын аскер кызматкери, 200 аскердик жана атайын техника тартылган.
@abal-kg



