Дүйнө
Афганистанда дагы 5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Афганистандын Герат провинциясында магнитудасы 5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталганын РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу 10 чакырым тереңде жайгашкан. Азырынча жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок.
Эске салсак, 7-октябрда да Афганистанда жер силкинип, андан 2 500дүн тегерегинде адам каза болгон.
Кыргызстандын ӨКМи аталган аймактагы жер титирөөнүн жүрөк үшүн алган видеосун жарыялаган.
Анда каза болгон адамдар, үй-жайы жок калгандар, талкаланган үйлөрдү көрүүгө болот.



