Коом

Бишкекте «Ош» базары да эки күнгө жабылды

12-13-октярь күндөрү өтө турган КМШ өлкө башчыларынын саммитинен улам Бишкектеги «Ош базары» соода жайы эки күнгө жабыла турганын мэрия билдирди.

Маалыматта бул күндөрү Ленин акимиатынын өтүнүчү менен базар аймагында санитардык күн деп жарыяланганы айтылат.

Эскерте кетсек, буга чейин милиция саммиттен улам Бишкектин борбордук көчөлөрү маал-маалы менен тосулуп турарын айткан. Мектеп окуучулары да, ЖОЖ студенттери да эки күн аралыктан окуйт.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button