Коом
Айгүл Айдарова ички иштер министри Улан Ниязовду кызматтан алууну талап кылды
Ал мындай өтүнүч менен Башкы прокуратура менен УКМКга кайрылды.
Депутат министрликте башаламандык көбөйүп кеткенин айтууда.
“Биздин милиция мамлекеттин жүзү болбой калды. Бизге жакшы башкаруучу керек. Министрдин азыр отурганга моралдык укугу жок. Кызматкерлери менен иштебей жатат, кечке бизнес менен убара. Урматтуу президент Садыр Нургожоевич, ушул кишинин ордун карап коюңузчу, сураныч”, — деди Айдарова.



