Коом
Нарын облусуна 9 айда дем берүүчү гранттын эсебинен 13,6 млн сом жумшалды

Нарын облусу боюнча 2023-жылдын 9 айына карата дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен 13,6 млн сом суммасында 18 долбоор каржыланган.
Финансы министрлигинин Басма сөз кызматы билдиришкендей, анын ичинен:
— 6 мектепке – 4,6 млн сом;
— 3 спорттук курулуштарга – 2,0 млн сом;
— 7 маданий маанидеги объектиге – 4,1 млн сом;
— 2 бала бакчага – 2,9 млн сом.



