Ош облустук ички иштер башкармалыгында 9 ай ичиндеги ишмердүүлүгүнүн жыйынты чыгарылды

2023-жылдын 16-октябрь күнү Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында өткөн 9 ай аралыгындагы башкармалыктын ишмердүүлүгү боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев, Ош ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков, башкармалыктын жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн өздүк курамы катышышты.
Ыкчам кеңешмеде – Ош ОИИБдин 2023-жылдын 9 айында аткарган ыкчам-кызматтык ишмердигинин жыйынтыгы тууралуу маселе каралды.
Анда кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук тартипти сактоодо ыкчам кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы талкууланып, кызматында кемчилиги бар айрым жетекчиликке тартиптик жазалар берилди.
Жыйындын жүрүшүндө Ички иштер министри Улан Ниязбеков тарабынан ички иштер органдарынын кызматкерлеринин алдына коюлган 7 приоритеттүү багыттар боюнча тапшырмалар тууралуу айтылып, ал багыттарды жүзөгө ашыруу боюнча натыйжалуу иш-чараларды алып баруу зарылдыгы белгиленди.

Кеңешмеде сөз сүйлөгөн министрдин орун басары Нурбек Абдиев төмөнкүлөргө токтолду: Элдин ишенимин жогорулатып, коомчулуктун таянган тиреги болууга арналган максаттарга тоскоолдуксуз жетүү үчүн – өз ичибизден тазалануу иштери улантылууда. Жүктөлгөн милдеттерди так аткарган, коомчулуктун ыраазычылыгын жараткан, адеп-ахлакты, таалим-тарбияны өзүнө бекем сактап, жогорку моралдык ченемдерди туу туткан кызматкерлерди даярдоо иш-чараларын жүргүзүүнү жана ички иштер органдарынын ишмердигин чыңдоого карата уюштуруу иш-чаралары жана кызматкерлер арасында таалим-тарбиялык иштер натыйжалуу аткарууну негизги тапшырмалардын бири катары белгилеп кетем.
Ошондой эле, ыкчам кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Министрлер Кабинетинин тескемелерин жана ИИМдин иш-мерчемдерин, мамлекеттик программаларды, коллегиянын чечимдеринин талаптарын өз убагында аткаруу боюнча тапшырмалар коюлду.



