Коом
Кыргызстандын жана башка КМШ өлкөлөрүнүн дарыгерлери Москвада квалификациясын жогорулатууда

Курс Федералдык илимий-клиникалык реаниматология жана реабилитация борборунда өтүп жатат.
Армения менен Кыргызстандын дарыгерлеринин тобу реалдуу жашоого болушунча жакын кырдаалдарда адистештирилген тез жардам көрсөтүү боюнча көндүмдөрдү үйрөнүп жатышат. Беларустун жана Казакстандын дарыгерлеринин тобу өнөкөт оорусу бар бейтаптарды нейрореабилитациялоонун диагностикалык ыкмаларын жана этаптарын өздөштүрүүдө.
Россиянын алдыңкы адистери өтүп жаткан бул окутууларды Россотрудничество уюштурууда.




