Окуялар

УКМК: Чек арадан өткөн баңги топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду — ФОТО

УКМК органдары тарабынан баңгизатын эл аралык мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча иш-чаралардын жана КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды алардын аналогторун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыштын белгилери боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, чек арадан өткөн баңгиканалдардын ишине бөгөт коюулду.

2022-жылдын 26-мартында КР УКМК кызматкерлери Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук кызматы менен биргеликте Өзбекстан Республикасынан 5,350 кг. «гашиш» баңгизатын сатып алуу жана андан нары бөлүштүрүү учурунда Өзбекстан Республикасынын Анжиян шаарынын төмөнкү жарандары кармалышты: 1993-ж.т. С.С.М., 1994-ж.т. Н.Д.Д., 2003-ж.т. Т.С.Б., 1995-ж.т. У.М.К.

Атайын операциянын натыйжасында баңгизаттарды таратуу боюнча туруктуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болгон жогоруда аталган адамдардын кылмыштуу аракеттери токтотулду.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button