Коом
2023-жылдын 9 айына капиталдык салымдар беренеси боюнча 5,4 млрд сом каржыланды
2023-жылга капиталдык салымдар беренесинен республикалык бюджеттин такталган планы боюнча 5,6 млрд сом каралган. Акыркы 9 айдын ичинде 1325 социалдык объектиге 5,4 млрд сом каржыланды. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинен кабарлашты.
Алар:
— Чүй облусуна 104 объектке 327 млн сом;
— Баткен облусу боюнча 1,21 млрд сомго 539 объект;
— Жалал-Абад облусу боюнча 1,06 млрд сомго 189 объект;
— Ысык-Көлгө 977 млн сомдук 116 объект;
-Нарын облусуна 450 млн сомдук 106 объект;
— Ош облусу боюнча 211 объект 1,18 млрд сомго;
-Талас облусуна 221 млн сомго 60 объект каржыланды.



