
РФтин Өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков КР ӨКМинин 12 куткаруучусун «За содружество во имя спасения» медалы менен сыйлады. Алардын арасында өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев дагы бар.
Сыйлык куткаруучуларга үстүбүздөгү жылдын июль айында Жеңиш чокусуна чыгууга кетип, дайынсыз жоголгон 4 альпинистти издөө ишинде тайманбастык менен жигердүү аракет жасагандыгы үчүн тапшырылды.

Эске салсак, 13-июль күнү россиялык Дмитрий Павленко жубайы Светлана Великанова баштаган Литва жана Россия өлкөсүнүн жарандары Жеңиш чокусун багындыруу үчүн жүрүшкө чыгышкан. Тилекке каршы, 19-июль күнү белгисиз себептерден улам байланыш үзүлүп, төрт адамдын дайыны чыкпай калган. Натыйжада изделгендер табылган эмес, издөө иштери токтотулган.
@abal-kg



