Коом

Бишкекте 3 миң микроавтобус шаар сыртына чыгарылды

Бишкек мэриясы жүргүнчүлөрдү ташыган 3 миң микроавтобусту шаар сыртына чыгарды. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров журналисттерге берген маегинде билдирди.

Абдыкадыровдун айтымында, буга чейин калаада 4 миң 500дөй жеке микроавтобус жүргүнчүлөрдү ташып келген. Азыр алардын 1 миң 500ү гана шаардагы линияда жүрөт. 3 миң микроавтобус калаадан сыртка чыгарылган.

“Биз микроавтобустарды да жумушу жок калтырган жокпуз. Шаардын сыртындагы линияларда иштеп жатышат. Жакын арада Бишкектин ичи маршруткалардан толук тазаланат”, — деди Бишкек шаарынын мэри.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button