Кара-Балтадагы колледждин студенттери алдыңкы тажрыйба борборунда киреше табышат

Кара-Балта шаарындагы М.Т.Ибрагимов атындагы Техникалык-экономикалык колледждин студенттери үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору аркылуу Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте алдыңкы тажрыйба борбору ачылган.
Колледждин алдыңкы тажрыйба борборунун эки багыты бар. Биринчиси, окуп жаткан студенттер өздөрүнүн практикалык жактан жөндөмдүүлүгүн жогорулатат, экинчиси, кадимкидей эле Кара-Балта шаарынын тургундарына кызмат көрсөтөт. Тагыраагы, окуу жайда транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо кесиби боюнча билим алып жаткан студенттер бузулган автоунааларды оңдоп берип, тапкан акча каражаттарды колледждин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшашат.
2-курстун студенти Азирет Саламатов автоэлектрик кесиби боюнча билим алат. Сүрөттө жумуш ордунда окутуу сабагында.
Мындай алдыңкы тажрыйба борборлору Кара-Балта шаарынан тышкары Кыргызстан боюнча дагы жети колледжге курулган. Алар Бишкек, Токмок, Нарын, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Ош жана Балыкчы шаарларында. Баардыгы керектүү шаймандар менен жабдылып, имараттарына капиталдык ремонт иштери жүргүзүлгөн.
“Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоору 2018-жылы башталган. Билим берүү жана илим министрлигинин бул долбоорунун директору Нурлан Атахановдун айтуусунда, пандемия учурунда үзгүлтүккө учурап, курулуш иштери созулуп калган.
“Ага карабастан 2022-жылы курулуш жумуштарды аяктап, ноябрь айында расмий ачылыштарды жасадык. Долбоорду ийгиликтүү аткарып, бөлүнгөн каражаттан акча үнөмдөлдү. Мурда 14 окуу жай менен иш алып барсак, азыр кошумча акчага эмес, үнөмдөлгөн каражатка дагы 20 окуу жайына оңдоп-түзөө иштерин, шаймандар менен камсыз кылууга 2024-жылдын аягына чейин мүмкүнчүлүк берилди”, — дейт Н.Атаханов.
Баса белгилөөчү жагдай, Кара-Балтанын колледжине республиканын бүт аймагынан кесиптик окуу жайлардын окутуучулары келип квалификациясын жогорулатып жатат. Учурда 16 мугалим квалификациясын жогорулатууда. Талас облусунун, Талас районунун Ак-Сай айылындагы 110 кесиптик лицейинен келген мугалим Турсункул Батыркулов буларга токтолду: Электрик-механик, техникалык тейлөө системалары боюнча сабактан квалификациябызды жогорулатуу үчүн келгенбиз. Бул колледжде сабак өтүүгө, жана студенттердин билим алуусуна жакшы шарттар түзүлүптүр. Окуу жай керектүү эмеректер, шаймандар менен да жабдууланыптыр. Жада калса биз үчүн жатакана, тамак-ашыбыз да каралган экен. Билим берүү жана илим министрлигинин бул программасы аркылуу өндүрүшкө колдоно турган жакшы техникалар тартылыптыр, балдар үчүн көргөзмө куралдар да көп. Биз алган билимибизди өзүбүздүн лицейдеги мугалимдер жамааты менен бөлүшүп, балдарга сабак өтөбүз.
Долбоор аркылуу бул колледждин имаратында капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүп, кеңсе жабдыктары (компьютер, ноутбук, принтер, сканер), окуу эмеректери, окуу жана өндүрүштүк жабдуулар алынган.

Студенттер үчүн жатакана толугу менен оңдолуп, шарттар түзүлгөн.
Даярдаган Нурия Кийизбаева
Булак: Abal.kg











